English  

كتب مختارات من الحديث باللغة القيرغيزية 2 Тандалган хадистер

اذا لم تجد ما تبحث عنه يمكنك استخدام كلمات أكثر دقة.

عرض المزيد

مختارات من الحديث باللغة القيرغيزية (2) Тандалган хадистер (كتاب)


Кириш сөз
Ааламдардын Ээси Аллахка мактоолор болсун, Ааламдарга рахмат кылып жиберилген Пайгамбарыбызга жана анын үй-бүлөсүнө, жалпы сахабаларына Аллахтын салават жана саламдары болсун.
Бул "Тандалган хадистер" китебинин экинчи бөлүгү жана анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын жүз хадиси камтылган. Ал хадистер кыска жана түшүнүүгө жеңил. Ошондой эле өз динин түшүнүүнү каалап, араб тилин үйрөнүп жаткандар үчүн жана жаш балдар үчүн өтө ылайыктуу.
Бул хадистер - ар түрдүү темаларды камтыган сахих хадистер. Биз бул хадистер аркылуу акыйкат динибиз буюрган улуу адеп - ахлактарды жана динибизге тиешелүү көп нерселерди үйрөнөбүз.
Сенден талап кылынган нерсе, хадисти жакшылап угуп, артынан кайталап, маанисин түшүнүп, андан кийин жатташың керек.
Бизде бул хадистердин аудиолору жана түшүндүрмөлөрү бар. Ошондой эле бир нече тилге которулган (форматтары) да бар. Эгерде алар тууралуу билүүнү кааласаң, анда биз менен эч ойлонбой байланыша бер.
Аллах тауфик жана жардам Берүүчү.